• 79.5
  • 83
  • 1.49

Бишкекте милиция унаасына жасалма мамлекеттик номер тагып жүргөн айдоочуну кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма мамлекеттик номер тагып жүргөн айдоочуну кармады.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 4-январда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып болжол менен саат 10:30 чамасында Фучик жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган BMW үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Текшерүү учурунда Ж.Э. аттуу айдоочу автоунаасынын мамлекеттик номерин жасалма номер менен алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, айдоочу Биринчи май райондук ИИБнын ыкчам тергөө тобуна өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий