• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте милиция жасалма номер тагылган «Лексус» унаасын кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Бишкекте милиция жасалма номер тагылган «Лексус» унаасын кармады, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 4-январда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 14:30 чамасында Тыныстанов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Lexus LS 460 үлгүсүндөгү автоунааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда А.И. аттуу айдоочусу автоунаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факт боюнча автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий