• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте милиция жоголуп кеткен немис овчаркасын таап ээсине жеткирди

Коом 0

Бишкек, 22.03.21. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен немис овчаркасын таап ээсине жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-мартта Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 08:25 чамасында Л.Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинен күрөң түстөгү немис овчаркасын таап алышкан. Үйрөтүлгөн парододагы немис овчаркасы көчөдө башка иттердей жөн жүрбөсүн түшүнгөн кайгуул кызматкерлери өзгөчө пародадагы итти Биринчи май райондук милициясынын атайын ит кармоочу жайына алып барышкан. Ал жерден иттин ээси атайын немис овчаркасына таандык документтерин алып келип, итин алып кеткен.

Ал адам учурда үйрөтүлгөн итин издеп жүргөндүгүн айтып, таап берген кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий