• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте милиция жоголуп кеткен баланы таап, ата-энесине өткөрүп берди

Коом 0

Бишкек, 12.06.21. /Кабар/. Бишкекте милиция жоголуп кеткен баланы таап, ата-энесине өткөрүп берди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 11-июнунда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Масалиев жана Токтоналиав көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей бала жоголуп кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1992-жылы туулган афган улутундагы Ф.А. аттуу аял жардам сурап кайрылган. Анда ал 5 жаштагы А.А. аттуу баласы ойноп жүрүп адашып кеткендигин кабарлаган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып кеткен баланы таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен.

Өз кезегинде баланын апасы кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий