• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте милиция жол эрежесин бузган чет өлкөлүк номерлүү 363 унааны аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Бишкекте бир жуманын ичинде жол эрежесин бузган чет өлкөлүк номерлүү 363 унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматкерлери 18-февралдан 25-февралга чейинки аралыкта каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу 363 авто нааны аныктады.

Алардын ичинен Россияныкы - 62, Арменияныкы - 8, Азербайжандыкы - 9, транзиттик номурлар - 263, 21 жана башка чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар.

Унаалардын баарына тиешелүү протоколдор толтурулуп, анын ичинен 10 чет өлкөлүк автоунаа ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий