• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте милиция адашып кеткен 3 жашар баланы таап, энесине өткөрүп беришти

Коом 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 17-сентябрында болжол менен саат 21:22 чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Кызыл аскер районундагы “Глобус” соода борборунун тушундагы аялдамада кичинекей бала адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келген. Маалым болгондой, белгисиз жаран үйүн таппай, адашып жүргөн 3 жашар баланы көрүп, милицияга кабар берген.

"Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн баланын жашаган дарегин таап, аман-эсен ата-энесине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий