• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте милициянын күжүрмөн даярдыгы текшерилди

Коом 0


Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Бишкек шаардык жана райондук милиция бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан 7-февраль күнү саат 05:30до Бишкек шаардык ИИББнын жана анын аймактык түзүмдөрүнүн өздүк курамын “Айгай” белгиси боюнча көтөрүп, уюштуруу башкаруучулук чечимдеринин аткарылышы жана кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерилди.

“Айгай” белгиси боюнча көтөрүүдө атайын буйруктарда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Бишкек ШИИББы, Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов РИИБы боюнча өздүк курамдын чогулушу “жакшы” деген баага татыктуу болду.

Жыйынтыгында чогулган жалпы өздүк курамга саптык кароо жүргүзүлүп, жалпы мазмундагы бир катар кемчиликтер аныкталды. Алар негизги иш пландары жана ИИМге тиешелүү атайын пландарда бир катар кемчиликтер орун алган.

Белгиленгендей, айрым кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча ИИМ жетекчилиги бир катар тапшырмаларды белгилеп, кайрадан текшерүүгө ала тургандыгы айтылды. Кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгын текшерүү мындан ары да улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий