• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы каттамга чыгып жаткан коомдук унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Бишкек шаардык ИИББы боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери, тиешелүү кызматтардын кызматкерлери менен бирдикте коомдук унаа каттамдарынын башкы тыныгуу жайына барып жеринен айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча учурда борбордо күн сайын 116 автобус (БПАТП), 117 троллейбус (БТУ) жана 960 жүргүнчү ташуучу маршруттук кичи автобустар каттамга чыгууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 илдетинин таралышына жол бербөө максатында жүргүнчүлөрдү ташыган автобус, троллейбус жана кичи автобустардын айдоочулары кандай шарттарды түзүшкөндүгү, жеке санитардык эрежелердин так сакталгандыгы, беткап жана колкап колдонулуп, жүргүнчүлөр менен аралыкты так сактоо шарттары кандай жүргүзүлгөндүгү текшерилди.

Эртең менен каттамга чыгууда унаалардын техникалык абалын текшерүү шарттары, айдоочулардын медициналык көзөмөлдөн өтүү шарттары, ар бир каттамга чыгууда унаалардын ичи дезинфекциядан өткөрүлүшү, ошону менен бирге айдоочулардын жол эрежесинин талаптарын сактоо, жол кырсыктарын алдын алуусу көзөмөлдөндү.

Ошону менен бирге коомдук унааларда тазалыктын сакталышы, санитардык нормаларга жооп берүүсү шарт экендиги белгиленип, эгерде автоунаанын техникалык жактан бузулуулар же кемчиликтери жана айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин сактабай турган болсо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин жана мыйзамдарынын негизинде чара көрүлөрү эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий