• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте милициянын мото кайгуулдары иштей баштады – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Милициянынын кайгуул кызматы Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн мындан ары мото кайгуул иштей баштады.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, алар авто кайгуул кирбеген парктарга, шаардыктар эс алуучу жайларга чейин кирип, коопсуздук үчүн болгон чараларды көрүшөт. Ошондой эле ар кандай кырдаалга жараша кылмышка шектүү жарандар кабат үйлөрдүн ичине кире качкан учурларда аларды артынан кууп кармашат.

Мото кайгуулда жөө кайгуул жана авто кайгуул сыяктуу эле баардык мүмкүнчүлүктөр берилет. Демек, жол эрежесин бузган авто унааны токтото алат жана тийиштүү протоколдорду түзө алат. Ошондой эле мото кайгуулда электрондук планшет, рация мигалка сыяктуу баардык атайын техникалык каражаттар орнотулган.

Эскерте кетсек, Милицияныны кайгуул кызматынын туристтик ротасында атайын атчан взвод да бар. Ал массалык башаламан учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн кызмат кылат жана унаа кирбеген парктарда жана эс алуучу жайларда жана туристтер келген учурларда тоолуу токойлордо алардын коопсуздугу үчүн кызмат кылат.

Пикир

Оставить комментарий