Бишкекте милициянын отставкадагы полковниги Жолдошбек Бузурманкулов акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Бугүн, 26-ноябрь күнү Бишкекте Ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Жолдошбек Бузурманкуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Жолдошбек Бузурманкулов кечээ, 25-ноябрь күнү 73 жаш курагында каза болгон.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, башкармалыктардын начальниктери, ички иштер органдарынын ардагерлери жана маркумдун туугандары катышкан.

Жолдошбек Бузурманкулов 1947-жылдын 2-октябрында Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн. 1965-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Комсомолдук жолдомо менен чабан болуп иштеген. 1966-1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-2005-жылдары ички иштер органдарында иштеген. Бул тармактагы кызмат учурунда өкмөттүн жана түзүмдүн 70тен ашык ар түрдүү медалдары менен сыйланган. Эки ирет ардактуу куралдар – “Марголин” тапанчасы жана спорттук майда калибрдеги сайлуу мылтык менен сыйланган.

1980-жылы СССР ички иштер министринин буйругу менен ага “Милициянын отличниги” ардактуу наамы ыйгарылган. Москва шаарында 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндары учурунда коопсуздукту кароо боюнча Кыргыз ССРинин ички иштер министрлигинин курама отрядынын командиринин орун басары катары ийгиликтүү аткарган кызматы үчүн “Коомдук тартипти кароодогу кызматы үчүн” медалына татыктуу болуп, СССР ички иштер министри тарабынан ага алкыш жарыяланган.

Билими жогорку – 1977-жылы Кыргызстан мамлекеттик университетинин филология факультетин жана 1987-жылы СССР ИИМинин Ташкенттеги жогорку мектебинин атайын факультетин бүтүргөн.

Ал өзүнүн негизги иши менен катар чыгармачылыкты кошо ала жүргөн. Ички иштер органдарынын орусча-кыргызча сөздүгүн түзүүгө катышкан. “Кыргыз милициясы” энцклопедиясынын авторлорунун бири. Бир нече адабий жана окуу китептеринин редактору болгон. 1982-1985-жылдары Кыргыз телевидениесиндеги ай сайын чыгуучу “Абийириңди жашыңдан сакта” жана “Береги честь с молоду” деген орусча-кыргызча бир сааттык берүүлөрдү уюштурган жана алып баруучусу болгон. Ошондой эле “Мен чилистен”, “Шерине”, “Ыр кесе” жана башка бир нече берүүлөрдү даярдап, эфирге чыгарып турган. Мезгилдүү басма сөздө кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча 500дөн ашык макаласы жарык көргөн. Бузурманкулов адис котормочу катары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын комментарийлерин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин комментарийлерин которуп, китеп кылып чыгарган.

Ал мыкты акын катары да белгилүү. Анын бир нече ырларына обончулар менен композиторлор обон чыгарышып, ал ырлар эл арасына тараган. Бүгүнкү күндө белгилүү болуп ырдалып жүргөн “Ильяздын ыры”, “Алгачкы махабат” ж.б. көптөгөн ырлар да Бузурманкуловдун калемине таандык.

Жолдошбек Бузурманкулов тарабынан “Курсанттардын маршы”, “Милициянын маршы”, “Өрткө каршы кызматкерлердин маршы”, “Аскер маршы” жазылып, аталган кызматтарда аткарылып жүрөт. Жакында эле “Кызматыбыз мекенге” деген ат менен Жаза аткаруу тутумунун маршы жазылган.

Бузурманкулов мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча да бир катар иштерди аткарып келген. Ал күч органдарында уюштурулган мамлекеттик тил боюнча уюмдун жана анын иштиктүү тобунун мүчөсү болгон. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төш белгиси менен сыйланган. Иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча Башкы башкармалыкта консультанттык милдетти жана уюштуруу комитетинин мүчөсүнүн милдетин аткарган.

Бузурманкулов коомдук иштерге да активдүү катышып келген. Ал “ДА” (ДИАЛОГ ЕВРАЗИЯ) Эл аралык платформасынын Кыргызстандагы уюмунун төрагасынын орун басары болгон. Кыргызстан жөнүндөгү макалалары “ДА” журналына такай жарыяланып турган.

Жолдошбек Бузурманкулов 2006-жылы Казакстандын борбору Астана шаарында кыргыз элинин маданий борборун ачууга активдүү катышып, ушул жылдын 1-майында анын ачылыш аземине КР Маданият министрлигинин өкүлү катары катышкан.

Пикир

Оставить комментарий