• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте милиционер катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 22.01.19 /Кабар/. Бишкектин чыгыш жагында милиционер катышкан жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (Жол коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча, "Мерседес Бенц" автоунаасынын айдоочусу – милиция кызматкери Э.М. мас абалында унааны башкарып келе жатканы аныкталган.

Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат. Ошондой эле тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Эске салсак, 21-январь күнү болжол менен саат 00:40 чамаларында Анкара жана Ч.Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде "Мерседес Бенц" жана "Тойота Авенсис" унаалары кагылышкан.

"Тойота" унаасындагы жүргүнчү аял кырсык болгон жерде каза болгон.

Эки машиненин айдоочулары ооруканага жеткирилген.

Алдын ала тергөөнүн маалыматында "Мерседестин" айдоочусу милиция кызматкери, мас абалында унааны башкарып келе жаткан.

Каза болгон аял Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери болгон.

Пикир

Оставить комментарий