• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте милиционер катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө башталды

Коом 0

Бишкек, 22.01.19 /Кабар/. Бишкектин чыгыш жагында милиционер катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Ошондой эле, сотко чейинки териштирүү иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Экспертизанын алдын ала жыйынтыктарына ылайык, "Мерседес Бенц" автоунаасынын айдоочусу Э.М. мас абалында унааны башкарып келе жаткан.

Эске салсак, 21-январь күнү болжол менен саат 00:40 чамаларында Анкара жана Ч.Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде "Мерседес Бенц" жана "Тойота Авенсис" унаалары кагылышкан.

"Тойота" унаасындагы жүргүнчү аял кырсык болгон жерде каза болгон.

Эки машиненин айдоочулары ооруканага жеткирилген.

Алдын ала тергөөнүн маалыматында "Мерседестин" айдоочусу милиция кызматкери, мас абалында унааны башкарып келе жаткан.

Каза болгон аял Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери болгон.

Пикир

Оставить комментарий