• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте милиционердин өлүмүнө шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте милиционердин өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине шаардык ИИББнан тастыкташты.

Алдын ала болжолдуу маалыматтарга караганда, шектүү азиат улутундагы 1991-жылы туулган адам.

Шаардык милициядан кабарлашкандай, кененирээк маалымат кийинчерээк жарыяланат.

Эске сала кетсек, 26-октябрда Бишкек шаардык Биринчи май райондук ИИБ криминалдык милиция кызматынын ыйгарым укуктуу кызматкери бычакталган.

Пикир

Оставить комментарий