• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте милиционерге баш ийбей качкан мас айдоочуга 7 протокол толтурулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качкан мас айдоочуга 7 протокол толтурулду.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 14-декабрда Дэн Сяопин жана Патриса Лумумбы көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Nissan Mistral үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

“Айдоочу кызматкерлерге баш ийбей качып кеткен. Качуу учурунда коомдук коопсуздукту бузуп, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жана коркунуч келтирген. Кызматкерлердин ыкчам аракетинин натыйжасында Nissan Mistral автоунаасы Медеров жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган”, - деп айтылат маалыматта.

48 жаштагы Р.К. аттуу айдоочунун спирт ичимдигин ичкендиги текшерүү учурунда аныкталган.

Аталган факты боюнча айдоочуга жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн Укук бузуулар тууралуу кодексинин 185, 182.1-бөлүмү, 188.2-бөлүмү боюнча үч протокол, 193.1-бөлүмү жана 184.1-бөлүмүнө ылайык жалпы жети протокол толтурулуп, автоунаасы убактылуу айып аянтчасына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий