• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте милиционерге ок чыгарган адам башка ат менен жашынып жүрүшү мүмкүн – ШИИБ

Кырсык 0

Бишкек, 08.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү башка ат жана фамилия менен жашынып жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, милиция кызматкерине ок чыгарды деп шектлип жаткан жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 1986-жылы туулган Шатманов Тилек Сулайманович.

Ал 2018-жылдын 2-февралында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарган.

Эгерде бул адам кайсыл жерге жүргөнүн билип же көргөндөр облсо 0(312)43-71-75, 0552 91-80-52, 0551 10-24-25 номурлары аркылуу ички иштер органдарына кабарласа болот. Ошондой эле "102" номуру аркылуу дагы чалуулар кабыл алынат. Маалыматтын купуялуулугуна кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий