• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте милиционерге ок чыгарган адамга издөө жарыяланды

Кырсык 0

Бишкек, 07.02.18. /Кабар/. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарып жарадар кылган шектүү изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБден кабарлашты.


“Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 1986-жылы туулган Шатманов Тилек Сулайманович аттуу жараны изделип жатат. Ал 2018-жылдын 2-февралында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине ок чыгарган”,-деп айтылат маалыматта.

Эгерде бул адам кайсыл жерге жүргөнүн билип же көргөндөр облсо 0(312)43-71-75, 0552 91-80-52, 0551 10-24-25 номурлары аркылуу ички иштер органдарына кабарласа болот. Ошондой эле "102" номуру аркылуу дагы чалуулар кабыл алынат. Маалыматтын купуялуулугуна кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий