• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салышты

Коом 0

Бишкек, 17.11.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Бишкекте митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында жазган Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын, ЖКнын, Өкмөт үйүнүн, БШКнын, Бишкек шаардык сотунун, Жогорку соттун имараттарынын алдында, “Ала-Тоо” аянтында, Киев көчөсүндөгү Ч.Айтматовдун эстелигинин жанында митингдерди жана тынчтык акцияларын өткөрүүгө чектөө коюу арызын канааттандырды.

Ар кандай митинг жана каршылык иш-чараларын Исанов көчөсүндө жайгашкан М.Горький багында өткөрүү менен, чектөө 2017-жылдын 1-декабрына чейин киргизилет.

Аталган соттун чечими мыйзамдык күчүнө кирди.

Пикир

Оставить комментарий