• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда. 35 соода түйүнү алынды

Коом 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Ынтымак" жана "Ынтымак-2" сейил багында мыйзамсыз башаламан соода жүргүзүүгө бөгөт коюу боюнча рейддик иш-чара жүргүзүлдү.

Рейддин жыйынтыгында 35 мыйзамсыз соода түйүнү, 10 көрнөк-жарнак алынды. Ошондой эле башаламан соода жүргүзгөн бардык сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, мыйзамсыз тартылган 100 метр кабель кесилди.

Пикир

Оставить комментарий