• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ММА боюнча биринчи профессионалдык мелдеш болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 29.11.18. / Кабар/. Өткөн дем алыш күндөрү Бишкектеги “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде International One - аралаш уруш (ММА) боюнча биринчи кесипкөй мелдеш болуп өттү. ММА боюнча кесипкөй лиганын (PFL KG) президенти Данияр Бейшеналиев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны маалында мелдештин жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, жарышты уюштурууда айрым мүчүлүштүктөр болгонуна карабай ал жакшы өттү.

“Мелдеш башталар алдында эмнегедир кээ бир мушкерлер беттешке чыгуудан баш тартышты. Мындай учурлар да болот. Ошентсе да баары жакшы өттү. Эл аралык калыстар чакырылган, беттештерден тышкары көрүүчүлөр үчүн жылдыздардын катышуусу менен шоу программа даярдалган. Келечекте да федерация багытынан жазбайт деп ишенем”, - деп белгилеген президент алардын биринчи милдети беттештерди гана уюштуруп койбостон, алар коопсуз өтүшү үчүн шарт түзүү экендигин айтты. Ошол үчүн мелдешке ММА эрежелерин караган эл аралык калыстар чакырылган.

КРнын ММА жана панкратион Федерациясынын вице-президенти Абасбек Доромбаев бул спорт түрүнүн катышуучуларына жагымдуу жаңылыгын айтты. Мелдешке катышуу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын мушкерлери гана эмес, алардын федерацияларынын жетекчилери келип, Тажикстандын өкүлдөрү менен ММАнын Орто азиялык лигасын түзүү боюнча келишимге кол коюлган. Алдыда бул демилгеге башка кошуна өлкөлөр тарабынан да колдоо болот.

“Жарышка Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын күчтүү мушкерлери келишти. Биздин мушкерлер да жакшы жыйынтык көрсөттү. Тандалгандар Кыргызстандын биринчилигинде чыгышат деп ишенем. Жеңүүчүлөргө грамота жана акчалай сыйлыктар берилди”, - деди ал.

Ошондой эле ал спорттук иш-чаранын башкы темасы Кыргызстандагы маанилүү маселелердин бири – жолдогу кырсыктар болгонун кошумчалады. Иш-чаранын коноктору менен катышуучуларына акыркы жылдары жол кырсыгынан канча адам жабыр тартканы айтылып, жол эрежесин сактоого чакырык жасалган.

ММАнын Чүй облусу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Абыкеевдин пикиринде ышкыбоздор жана кесипкөйлөр арасындагы биринчилик мыкты өттү.

Маалымат жыйыны учурунда декабрь айында кийинки мелдеш болору, атайын программа даярдалары, кошуна өлкөлөр мелдештин жүрүшүн түзүүгө жардам кылышары айтылды.

Мелдештин кесипкөй лигасында жеңген мушкерлер: Темирлан уулу Жумабек (Кыргызстан, 56,7 кг), Мехрдод Умаров (Тажикстан, 61,2 кг), Махмадюнус Олимзода (Тажикстан, 65,8 кг), Ниязов Беймурат (Казакстан, 70,3 кг), Манас Темирбеков (Кыргызстан, 77,1 кг), Алиев Улугбек (Өзбекстан, 93 кг); Метан Дыканов (56,7 кг), Руслан Рыскул уулу (65,8 кг), Мыктыбек Оролбай уулу (70,3 кг), Амантур Жеңишбеков (77,1 кг), Кутман Каныбек уулу (абсолюттук салмак).

Эске сала кетссек, мындан мурун Кыргызстанда ММАнын лигасы - Professional League (PFL KG) ачылган. Анын максаты - башка мелдештерге катышуу үчүн мушкерлерди тандап алуунун жаңы системасын киргизүү. Аны түзүү боюнча чечим эки уюм – 2028-жылы Олимпиада оюндарына катышууга ниеттенип жаткан ММА дүйнөлүк ассоциациясы (WMMAA) менен ММА эл аралык федерациясы (IMMAF) бириккенден кийин кабыл алынган. Олимпиаданын шарттарынын бири ышкыбоздордун катышуусу. Лиганы түзүү менен КРнын Федерациясы ММАнын ышкыбоз спортчуларын чыгара алат.

Пикир

Оставить комментарий