• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Мода индустриясы: Буюмдар жана жабдуулар” аттуу эл аралык жармаңкеси ачылды

Экономика 0

Бишкек, 2-март /Роман Гайнанов – Кабар/. Бишкекте “Мода индустриясы: Буюмдар жана жабдуулар” аттуу эл аралык жармаңкеси ачылды. Ачылыш аземине Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышты.

“Бул жармаңке атамекендик өндүрүүчүлөрдүн өндүрүмүн жаңы деңгээлге чыгарууга, ал эми компанияларыбызга чет элдик өкүлдөр менен келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөтөт. Мындан тышкары, жармаңке шаар тургундарына жана меймандарына кызыктуу болот”, - деди ал.

“Мода индустриясы: Буюмдар жана жабдуулар” эл аралык жармаңкеси Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда башталды. Өз өндүрүмдөрүн 56 жеңил өнөр жай ишканасы сунуштаган. Товарлардын арасында кийим, кир жуучу каражаттар, тери буюмдары жана кийизден жасалган улуттук буюмдар бар.

Пикир

Оставить комментарий