• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мода жана текстилдин I эл аралык көргөзмөсү өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда мода жана текстилдин "Bishkek Fashion&Textile 2019" I эл аралык көргөзмөсү өтүүдө.

Уюштуруучулар билдиргендей, көргөзмөдө дүйнөлүк рынокто аты чыккан Түркиянын кийим, кездеме өндүрүүчүлөрүнүн продукциялары коюлган.

Ал эми көргөзмөнүн катышуучулары алар товар баалары, жеткирип берүү шарттары боюнча маалымат берип, кызматташуу шарттарын талкуулоого даяр экенин айтат.

Аталган көргөзмө 26-февраль күнү аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий