• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Молдо Кылыч Шамыкан уулунун элесин эскеришет

Маданият 0

Бишкек, 14.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бүгүн, Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын чоң залында акын жана даанышман ойчул Молдо Кылыч Шамыкан уулунун 150 жылдыгына арналган мааракелик иш-чара өтөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара саат 14:00дө башталат.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР ЖКнын депутаттары, Президентинин Аппаратынын жана Өкмөттүн өкүлдөрү, акын-жазуучулар, чыгармачыл интеллигенция, акындын урпактары, студенттер жана акындын чыгармачылыгын баалаган окурмандар катышышат.

Пикир

Оставить комментарий