• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мончолор жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылууда. Мэрия себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 03.06.23./Кабар/. Бишкекте мончолор жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылууда. Буга ичүүчү суунун жетишсиздиги себеп болгон.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, суунун кескин тартыштыгына байланыштуу мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд жүргүздү.

Рейддин жыйынтыгында сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана унаа жуучу жай убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат.

Борбор шаарды суу менен камсыздоонун негизги булагы Орто-Алыш суу алгычы болуп саналат, ал ичүүчү суунун 40%дан ашыгын камсыздайт.

2023-жылдын 2-июнуна карата тереңдиги 160-250 метр болгон 334 артезиандык скважина иштеп жатат.

Акыркы жылдарда, өзгөчө жай мезгилинде калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кетти.

Бир кишиге суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин б.а 241%га өскөн.

Сууну керектөөнүн көбөйүшүнүн себептеринин бири жашыл аянтчаларды жана чарбалык аянттарды сугаруу үчүн ичүүчү сууну көзөмөлсүз жана сарамжалсыз пайдалануу болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, учурда «Орто-Алыш» суу алгычында жер астындагы суулардын статистикалык деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн.

Артезиандык скважиналардын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында «Бишкексуукпнал» башкармалыгы менен Чүй суу чарбанын ортосунда көрсөтүлгөн суу алгычты толтуруу үчүн 11,0 млн м3 суу жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Көлдөрдү толтуруу жер астындагы суунун деңгээлин көтөрүүгө жана Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртууга жардам берет.

Бирок мөңгүлөрдүн жай эриши менен мүнөздөлгөн шарттарга жана Ала-Арча дарыясында жана Чоң-Алыш каналында жер үстүндөгү суунун жетишсиздигинен улам, учурда толтурулган көлдөрдү толтуруу мүмкүн эмес.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «Бишкексууканал» башкармалыгына Чоң-Алыш каналынан жана «Орто-Алыш» магистралдык суу алгычынын көлмөлөрүн толтуруу боюнча бардык чараларды көрүү, Ала-Арча дарыясын, ошондой эле Орто-Алыш суу алгычынын суу толтуруучу көлдөрүн толтуруу үчүн альтернативдик суу өткөргүчтү куруу боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында учурда төмөнкүдөй иштер жүргүзүлүүдө:
- Фрунзе, Айни, Боронбай, Садырбаев, Гагаринт көчөлөрүн суу менен камсыз кылуу үчүн Адышев көчөсүнө узундугу 1 чакырымга созулган суу түтүгүн куруу иштери жүрүп жатат;

- Көк-Жар суу алгычындагы экинчи даражадагы насостук станциясынын курулушу жүргүзүлдү. Ошондой эле Скрябин, Горький, Ж Пудовкин, Аламүдүн, Көк-Жар кичирайондоруна диаметри 600 мм жана 400 мм болгон 5 буроо орнотуу маселеси каралууда.

- кошумча скважиналарды бургулоо максатында учурдагы Баш-Карасуу (2,0-3,0 га), Сельский (2,0-3,0 га), Контр суу сактагычтардын (4,0 га) аймагын кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жашыл жерлерди ичүүчү суу менен сугаруу суу ресурстарынын чоң коромжу болушуна алып келерин эске алып, Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматтары тарабынан рейддер күчөтүлүп, калкка ичүүчү сууну этияттык менен пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий