• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Москва күндөрү өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Бишкекте Москва күндөрү өтүп жатат, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, анын алкагында инвестиция жана соода-экономикалык кызматташтык маселелери боюнча экономикалык конференция болуп өткөн.

Иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Москва өкмөтүнүн министрлери, Москва шаарынын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар боюнча департаментинин жетекчиси Сергей Черёмин, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, ишкерлер, компания өкүлдөрү катышкан.

"Делегация өкүлдөрү менен муниципалитеттин башчысы вице-мэр жана шаардык кызматтардын башчылары менен биргеликте профилдик багыттагы долбоорлорду талкуулашты. Москва күндөрүнүн алкагында өткөрүлө турган маданий жана спорттук иш-чаралар үч күнгө созулат", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн кечки саат 19:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында атайын концерт болот.

Ал эми, эртең, 13-сентябрда саат 9:00дө самбо боюнча жаштар курама командасы арасында ачык турнир старт алат.

Пикир

Оставить комментарий