• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу башталат. Макет

Коом 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Ош шаарында Москва мамлекеттик университетинин (ММУ-МГУ) филиалынын курулушу башталат, - деп билдирет КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министр Каныбек Исаков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы өз ара кызматташуу мамилелерин талкуулашты.

Жолугушууда тараптар Ош шаарында ачыла турган Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иштөө шарттары, окуу жайдын имараты тууралуу жагдайларды сүйлөшүштү.

"Министр Ломоносов университетинин курулушу баштала турган филиалынын архитектуралык долбоору менен тааныштырып, имараттын курулушу бир айдын ичинде баштааларын айтты. Каныбек Исаков окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча студенттерди окутуу максаттуу экенин белгиледи. Мындан сырткары Москва мамлекеттик университетин аяктаган окутуучулар, илимий даражалуу адистердин реестри түзүлгөнүн кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Николай Удовиченко кыргызстандык студенттер үчүн Россия университеттеринде берилип жаткан квотаны көбөйтүү керектигин айтып, студенттерди натыйжасы эффективдүү болгон факультеттерге багыттоого басым жасоону сунуштады.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий