• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте мотоцикл өрттөнүп, анын айдоочусу ооруканага жеткирилди - видео

Кырсык 0


Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-июнда болжол менен саат 09:00дө Лев Толстой көчөсүндөгү "Глобус" гипермаркетинин жанында мотоциклдин айдоочусу рулду башкара албай жол кырсыгына учурады.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кырсыктан улам мотоцикл жолдун четине чыгып, өрттөнүп кеткен. Айдоочу №4 шардык ооруканага жеткирилген.

Мотоцикл айып аянтчасына киргизилген. Учурда жол кырсыгынын себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий