• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте мугалимдер жана медиктер арасында сармерден оюну өттү

Коом 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Бишкектин Октябрь райондук акимчилиги тарабынан Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында сармерден оюну уюштурулду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, оюнда мугалимдер жана медицина кызматкерлери өз ара таймашты.

Октябрь районунун акими Азамат Дороев ар бир командага 20 миң сомдук сертификат тапшырып, достук жеңгенин белгиледи.

Оюнга КР Эл артисти Улукмырза Полотов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Елизавета Алымбаева, Октябрь районунун акими Азамат Дороев жана шаардык саламаттык сактоо жана билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү калыстык кылды.

Пикир

Оставить комментарий