• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчалары таратылды

Коом 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчалары таратылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дем алыш күндөрү «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте Свердлов районунда жашаган 100 муктаж үй-бүлөгө колдоо көрсөттү.

Шаардыктар 25 кг ун, 5 литр өсүмдүк майы, 10 кг күрүч, 5 кг шекер, 5 кг макарон, 2 кг буурчак, 2 кг таттуулар, коюлтулган сүт жана томат пастасы камтылган азык-түлүк баштыкчаларын алышты.

Белгилей кетсек, ушул 100 үй-бүлө " Үй бүлөгө көмөк" социалдык жөлөкпулдарын алышат.

Бишкек шаарынын мэриясы «Ассанабил» кайрымдуулук фондуна борбор калааны ар тараптуу колдогондугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий