• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте муниципалдык мекемелерди оңдоо кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык мекемелерди оңдоону улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда №1 шаардык клиникалык ооруканада хирургиялык корпустун шифер менен жабылган чатырын жана элеватордук түйүндөрдү оңдоо иштери уланууда. Демонтаждоо иштери аяктап, чатырдын каркасы орнотулуп, темир тунукелер бекитилүүдө.

"№181 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 1-кабатынын ички жылытуу тутуму толугу менен жаңыланат. Демонтаждоо иштери аяктады, түтүктөрдү алмаштыруу жана төшөө иштери жүрүп жатат. Сырткы жылуулук трассасы дагы оңдолот. Ошондой эле №162 мектепке чейинки билим берүү уюмунда тышкы жылуулук менен камсыздоо тармактарын капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 2021-жылдагы титулдук тизмеге ылайык, ушул жылдын сентябрь айына чейин 56 билим берүү мекемесин оңдоону бүткөрүү пландаштырылган. Ошондой эле ноябрдын аягына чейин 11 медициналык мекеме оңдолууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий