• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте муниципалдык жерди басып алуунун алдын алышты - мэрия

Коом 0

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын Жер иштетүү жана курулуш башкармалыгы тарабынан муниципалдык жерди басып алуунун алдын алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан Профсоюз жана Мессароша көчөлөрүнүн кесилишиндеги 7-базанын түндүк тарабында узундугу 36 метр жана туурасы 5 метр шифер тосмонун уруксат кагаздары жок экендиги аныкталган.

Буга байланыштуу мэриянын Жер иштетүү жана курулуш башкармалыгы мажбурлап сүздүрүү иштерин жүргүзгөн.

Учурда бул жер бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий