• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте муниципалитет менен активисттер кароосуз калган айбанаттар көйгөйүн талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Бишкек мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгында башкалаадагы кароосуз калган айбанаттар көйгөйүн талкуулаган кеңешме болду деп билдирди башкалаа муниципалитетинин басма сөз кызматынан.

Кеңешмеге вице-мэр Эркинбек Исаков, Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Канатбек Эшатов, активисттер жана айбанаттардын тагдырына кош көңүл карабаган коомдук фонддордун өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде көчө иттерин дарылоо жана атып өлтүрүү маселеси талкууланды. Чогулгандар кароосуз калган айбанаттарды көзөмөлгө алууда бийлик органдары менен активисттер биргелешип иштөөлөрү керектигине токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий