• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон аял уурулукка шектелип кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон аял уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шектүү “Дордой” базарында элдердин көптөгүн пайдаланып, уурулук менен алектенип жүргөн. Жөнөкөй кийинген аялдан эч ким шек санабагандыктан, алжабырлануучулардын жанына барып, сумкалардан капчыктарды жана баалуу мүлктөрдү уурдап, анан изин жашырып кетип жүргөн.

Ушул жылы 13-августта 41 жаштагы аял милицияга кайрылып "Дордой" базарында белгисиз бирөөлөр сумкасынан баасы 140 миң сомдук iPhone 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери видеокөзөмөлдү карашып, чөнтөк уурулугуна тиешелүү жаранды табышкан. Ал шектүүнүн башка дагы ушундай кылмыш иштерине тиешеси бар болушу ыктымал. Камерада шектүү уурдалган телефон менен тез кетип жаткандыгын көрүүгө болот. Ошондой эле ал кайра башка бирөөнүн сумкасына уурулукка кирип жатканда байкалып калган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Нарын облусунун тургуну 1976-жылы туулган М.М. кармашкан. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Аныкталгандай, шектүү уурдалган телефонду сатып алуучуларга арзан баада сатып салган.

Учурда иликтөөнү Свердлов райондук милициясы жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий