• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте муз үстүндө бийлөө боюнча “Нооруз-2017” эл аралык турнири өтөт

Спорт 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 29-31-мартта “Шаардык каток” спорттук-маанайшат комплексинин муз аянтында муз үстүндө бийлөө боюнча “Нооруз-2017” Эл аралык турнири өтөт.

“Шаардык каток” СМКдан билдиргендей, турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан 5 жаштан 16 жашка чейинки 110 фигурист катышат. Турнир жаш фигуристтен спорттун чебери кандидатына чейинки категорияларда өтөт.

Каалоочулар келип, сүйүктүү спортчусун сүрөөнгө алса болот. Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий