• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте муз үстүндө бийлөө боюнча шаардын биринчилиги өтөт

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Бишкекте балдар жана жаштар арасында муз үстүндө бийлөө боюнча шаардын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир 23-24-апрель күндөрү Бишкектеги Шаардык муз аянтында өтөт.

Шаар биринчилигине 40тан ашык спортчу катышат – алар балдар, жаштар, 18 жаштагы жана андан жогоркулар.

Иш-чараны Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргызстандын коньки тебүү федерациясы уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий