• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте муздак сууга жана канализацияга тарифти көтөрүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Бишкекте муздак сууга жана канализацияга тарифти көтөрүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Суу менен жабдууга – ичүүчү сууну берүүгө тарифтер (1 куб метри үчүн, салыксыз):

Калк үчүн — 10,45 сом (азыр 8,10 сом);
Бюджеттик мекемелер — 12,95 сом (азыр 9,10 сом);

Башка керектөөчүлөр — 18,50 сом (азыр 13 сом);

Сууну бөлүштүрүүгө (канализация) – агынды сууларды кабыл алууга жана тазалоого тарифтер (1 куб метри үчүн, салыксыз):
Калк үчүн — 3,45 сом (азыр 2,30 сом);
Бюджеттик мекемелер — 4,50 сом (азыр 3 сом);

Башка керектөөчүлөр — 9 сом (азыр 6 сом);

Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө жаңы тарифтер сунушталууда. Бир чарчы метр жалпы аянт үчүн бир жылга 15,10 сом өлчөмү каралууда.

Пикир

Оставить комментарий