• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте «Музейдеги түн» эл аралык акциясы өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 18.05.22 /Кбар/. Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейи бул жылы дагы «Музейдеги түн 2022» эл аралык акциясына кошулду. Бул жылдын темасы «Музейлердин күчү» деп аталат.

Бүгүнкү программада Г.Айтиевдин жана С.Чуйковдун юбилейине карата жаңыланган музей экспозициясы, экскурсиялар, лекциялар, живопись, графика, көркөм сүрөт искусствосу, скульптура, Эко-арт, жарманке, заманбап сүрөтчүлөрдөн лекциялар, спектаклдер, концерттик программа каралган.

Музей искусствонун ар кандай түрлөрүн жана чыгармачылыктын ар түрдүү багыттарын бириктирип, калктын бардык категориялары үчүн майрам уюштуруу – бул музейлердин бириктирүүчү күчү.

Пикир

Оставить комментарий