• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте "Музейдеги түн" иш-чарасы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда саат 17:00дөн 22:00гө чейин борбор калаанын музейлеринин эшиктери бардык шаардыктар жана борбордун коноктору үчүн ачык болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

"Келген конокторго көрүнүктүү инсандардын жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндө кызыктуу экскурсиялар сунушталат жана кызыктуу даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Сүрөт тартуу, скульптура жасоо жана прикладдык искусство: түстүү жүндөн, кийизден, көлөмдүү топтордон жасалган буюмдар, кагаздан гүлдөрдү жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Төмөнкү музейлерге барууга болот:

- Тыныстанов көчөсү, №108 дареги боюнча Ольга Мануилованын мемориалдык үй-музейи, тел. 66 11 74;
- Тыныстанов көчөсү, 78 дареги боюнча Г.Айтиевдин музей-устаканасы. тел. 62 31 66;
- Чуйков көчөсү, 87 дареги боюнча С.А.Чуйковдун мемориалдык үй-музейи, тел. 30 33 64;
- Чуйков көчөсү, 109 дареги боюнча А.Токомбаевдин мемориалдык үй-музейи, тел. 30 03 57.

Пикир

Оставить комментарий