• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте “Музейдеги түн” масштабдуу акциясы болуп өттү

Маданият 0

Кабар, 22-май /Кабар/. 20-май күнү Бишкек шаарында саат 18.00 дөн 23.00 гө чейин “Музейлер түнү” аталышындагы кеңири социалдык-маданий акциясы болуп өттү.

Кыргызстанда биринчи жолу борбор калаабыздын тургундарына бир түндө 12 арт-аянтча өз эшиктерин ачышты. Иш чара OYOUM group – чыгармачыл тобу, Г.Айтиев атындыгы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте өткөрүлдү.

Ар бир аянтча өзүлөрүнүн уникалдуу программасын тартуулашты. Шаар тургундары үчүн өтө кызыктуу болгон программа “Чыйыр жол” болду. Анда “Музейден тышкары” деген девиз менен, иш-чаранын картасынын макулдашуусунун негизинде, шаардын жана республиканын бардык тренддери кирген. Бул көргөзмөдө музейлер фондунан жана заманбап сүрөтчүлөр, инсталляция сүрөтчүлөрү streetart – DOXA, Маданияттын эмгек сиңирген кызматкерлеринен арт-класстар жана 60 тан ашык чоңдор жана балдарга адабий окуулар, музейлерге интерактивдик экскурссия жана музыкалык секциялар, спектаклдар боюнча мастер-класстар өткөрүлгөн.

Ар бир катышуучу чыгармачыл маанайга гана чөмүлбөстөн, ар кандай чыгармачыл мастер-класстарда, квесталарда, театралдык коюларга катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Программанын бир блогу толугу менен Кыргызстандын тарыхына жана маданиятына арналган: Орхон-энесай “Битиг түнү” жазуулары туурасында окуу, шырдак, туш кийиз, ала кийиз, килемдердин көргөзмөлөрүнө бардык аймактардан кол өнөрчүлөр келишкен жана этно-салттуу кийимдердин көргөзмөсү, манасчылык өнөр жана башкаларга орун берилди.

Иш-чаранын катышуучулары:

  1. Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи
  2. Ч.Айматов атындагы орус драма театры
  3. К.Баялинов атындагы республикалык китепкана
  4. О.Мануйлов – мемориалдык үйү
  5. С.Чуйков – мемориалык үйү
  6. Ачык асман алдындагы музей – “Эмен эс алуу паркы”
  7. К.Р нын сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залы – “Эмен дарагы эс алуу паркы”
  8. Арт-студия “Ololo”
  9. «Cultura Nomada» - мультимедиялык өнөр студиясы
  10. Музей “ДНК”
  11. “Asanbay” заманбап өнөр галереясы
  12. “705” чыгармачыл тобу

“Музейдеги түн” иш-чарасына 1 миңден ашык музей, театр, китепкана кызматкерлери жана сүрөтчү, скульптор, кол-өнөрчү, фото-сүрөтчү жана ыктыярчылар катышты.

Пикир

Оставить комментарий