• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте музыка сүйүүчүлөрү үчүн ачык асман алдында концерт өтөт

Маданият 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын туулган күнүн майрамдоо алкагында Бишкекте муниципалитеттин маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун концерттери старт алган. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-апрель күнү Курманжан Датканын эстелигинин жанында үйлөмө оркестрдин концерти болуп өттү. Классикалык музыканын сүйүүчүлөрү үчүн кыргыз жана дүйнөлүк классикалык чыгармалар жана ошондой эле заманбап поп-музыка чыгармалары жаңырган.

Кийинки концерт 26-апрель күнү саат 17:30да Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында өтөт. Күйөрмандар үчүн симфониялык оркестр жана элдик музыкалык аспаптар оркестри ойнойт.

Концерттер ачык асман алдында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий