• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте мыйзам бузган 5 акча алмаштыруу жайы убактылуу ишин токтотту

Экономика 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Бишкекте мыйзам бузган 5 акча алмаштыруу жайы убактылуу ишин токтотту.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:

1. 2023-жылдын 12-мартынан тартып 16-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Киев көчөсү, 93-үй, 18-батир дареги боюнча жайгашкан КЖК Ломбард «Престиж-Кредит» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 3-июнундагы № 6139 лицензиясы.

2. 2023-жылдын 12-мартынан тартып 21-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Бишкек шаары, Ден-Сяопин проспекти, 10-үй, 23-батир дареги боюнча жайгашкан «Азирет кей джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 29-августундагы № 6346 лицензиясы;

- Бишкек шаары, 7-кичирайону, 37/2, «Сеул Плаза» соода борбору, 01-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Азия Трэвэл» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 6394 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көчөсү, 146/2, 7-павильон дареги боюнча жайгашкан «Алмашуу бюро «Аника» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 19-апрелиндеги № 6280 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү, 19 б, «Кербен» базары, №9 соода катары, №69 контейнер дареги боюнча жайгашкан «Кербен-Нур» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 28-майындагы № 6136 лицензиясы.

Пикир

Оставить комментарий