• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте мыйзам бузган бир катар акча алмаштыруу жайы убактылуу ишин токтотту

Коом 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир катар акча алмаштыруу жайынын лицензияларынын аракети токтотулду.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, төмөнкү акча алмаштыруу жайлары убактылуу ишин токтотту:

1. 2023-жылдын 8-февралынан тартып 22-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Бишкек шаары, Манас проспекти, 59-үй, 2-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ариет финанс» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 22-июлундагы № 5997 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 23-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Силквей» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 19-июлундагы № 6327 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Манас проспекти, 57-үй, 2-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «УРМАТБЕК» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-октябрындагы № 6016 лицензиясы.

2. 2023-жылдын 8-февралынан тартып 12-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Бишкек шаары, Манас проспекти, 34/2-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Капитал Кэш» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 3-майындагы № 6117 лицензиясы.

Пикир

Оставить комментарий