• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактар алынууда

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калааны мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактардан тазалоодо. Бул тууралу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы рейдде Чүй проспектиси, Ауэзов, Анкара жана Юнусалиев көчөлөрүндөгү 38 жарнактар алынган.

Ошондой эле 6-кичирайонунда №16 үйдүн жана 7-кичирайонундагы №28 үйдүн кооросуна кире бериштеги темир мамылар алынган.

Пикир

Оставить комментарий