• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте мыйзамсыз көрнөк-жарнактар алынды - мэрия

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Манас проспектиси, Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрү текшерилип, өзүм билемдик менен орнотулган 46 жарнама конструкциялар, көрнөк-жарнактар жана плакаттар алынды.

"Ошондой эле социалдык тармактарда Бишкек шаарынын тургуну Ак-Босого конушунун аймагында мыйзамсыз дүкөн курула баштагандыгын билдирген. Атайын бригада №15 МАБдын кызматкерлери менен биргеликте дароо жерине барып, тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүп, бетон тирөөчтөр өз ыктыяры менен бузулду. Мындан тышкары, Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги, Худайбергенов көчөсү, 94а даректеги уруксат кагаздары жок соода күркөлөрү алынып салынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий