• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз кумар ойноочу жай аныкталды

Коом 0

Бишкек, 21.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте Жибек-Жолу 183 көчөсүндө жайгашкан кумар ойноочу жай аныкталды. Мыйзам тарабынан тыюу салынган жайды Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери таап чыгышкан.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Финполдон билдиришкендей, өлкөнүн бардык аймактарында мыйзамсыз кумар оюндарын ойнотуучу жайларды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, 2012-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий