• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз курулган эки кабаттуу имарат түрттүрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Бишкектин Дэн Сяопин проспектиси менен П.Лумумба көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган эки кабаттуу имарат түрттүрүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жеринде мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жана "Тазалык ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин муниципалдык жерге мыйзамсыз имаратын куруп алган Б.А. аттуу жаранга карата доо арызы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2022-жылдын 26-сентябрындагы чечими менен канааттандырылды.

Сот департаменттин доо арыздарын канааттандырып, жалпы аянты 326,7 чарчы метр болгон эки кабаттуу имаратты бузуу чечимин кабыл алган.

Түрттүрүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий