• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынууда

Коом 0

Бишкек, 10.04.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын шаарды көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымакта ылайык, инспекторлор күн сайын муниципалдык жерлерди мыйзамсыз курулуштардан бошотуу боюнча иш алып барып, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү берүүдө.

Жыйынтыгында төмөнкү даректерде объекттер алынды:

- Ч.Валиханов атындагы көч. №1/2 дарегиндеги бетон тосмолор алынып салынды;

- Тагай-Бий жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишиндеги жеңил объект;

- Сыдыков көчөсүндөгү темир бастырма;

- «Чыгыш-5» кичи районундагы темир конструкция;

- Лермонтов көчөсүндөгү күркө;

- Огонбаев жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги плов сатылып жаткан күркө;

- Жибек-Жолу-Турусбеков кесилишиндеги капиталдык курулуш;

- Коенкөзов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2 жеңил объект;

- Тагай-Бий жана Тунук көчөлөрүнүн кесилишиндеги чач тарач;

- Өмүракунов жана Таттыбүбү көчөлөрүнүн кесилишиндеги пайдубал;

- "Ала-Тоо" кафеси (Тыныстанов көч.).

Бишкек мэриясы инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү номерлерге калтырууга болорун эскертет:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.

Пикир

Оставить комментарий