• 86.25
  • 94.05
  • 1.23

Бишкекте мыйзамсыз объектилерден арылуу иштери уланууда

273 кароо Коом 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбор калааны мыйзамсыз объектилерден тазалоону улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, “Ак-Босого” конушунда тиешелүү уруксат документтери жок муниципалдык аймакка орнотулган объекттер демонтаждалды:

- Профессор Зима көчөсүндөгү күркө;
- Чүй көчөсү, 48-7 дарегиндеги 20 тонналык контейнер.

Ошондой эле, Чүй көчөсү, 61-57 дарегинде объект (капиталдык курулуш жана жеңил объект), Орозбеков көчөсүндөгү техникалык тейлөө станциясынын алдында иштеген жеңил типтеги объект алынып салынды.

Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында инспекторлор Керченский чолок көчөсүндөгү муниципалдык аймакты шаардыктарга кайтарып беришти. Узундугу 20 метр тосмолор жана 24 чарчы метр турак үй өз ыктыяры менен бузулду.

12-кичирайон дагы бир “тартип бузуучудан” кутулду. Бул жерде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын адистери эт сатуучу павильонду демонтаждаган.

Пикир

Оставить комментарий