• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол куруу үчүн аймакты бошотуп, тоскол болгон объектилерди демонтаждоо уланууда. Матросов көчөсүнөн жолдун оңдоп куруу иштерине тоскол болгон узундугу 21 метр тосмо алынды. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө тосмо, Тимур Фрунзе көчөсүндө капиталдык тосмо жана темир дарбаза алынды.

Ошондой эле Орозбеков көчөсүндө чатырча алынды. Өз ыктыяры менен Жайыл Баатыр көчөсүндө эки капиталдык курулуштагы тосмо жана жайкы үй, Панфилов көчөсүндөгү тосмо жана Түгөлбай-Ата көчөсүндөгү күркө демонтаждалды.

Пикир

Оставить комментарий