• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз объектилер менен күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын топ Каралаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде муниципалдык аймакты желимдөө жайынан бошотту. Керимов көчөсүндөгү времянканы дагы алып жетишти. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө тосмо демонтаждалды.

Түшүндүрүү иштеринен кийин Чортеков көчөсүндө 7 капиталдык тосмо жана 1 жеңил конструкция алынып, Тунгуч кичи районунда тандыр ээлери тарабынан алынып салынды.

Андан тышкары, “Көк-Жар” конушунда Калмурзаев көчөсүндө тосмо алынды.

Кривоносов көчөсүндө жолду оңдоп-түзөө иштерине тоскоол болгон эки үйдүн бөлүгү алынды. Ошондой эле Жайыл Баатыр көчөсүндө: үч капиталдык дубал, бир үйдүн бөлүгү, мончо жана дүкөн алынды.

Пикир

Оставить комментарий