• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган күркөлөр, тосмолор алынды - мэрия

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/.Бишкекте мыйзамсыз орнотулган күркөлөр, тосмолор алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык мекемеси менен биргеликте шаарды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантууда.

«Жакында Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган жарнама баннери алынды. Ошондой эле түшүндүрүү иштеринен кийин Үсөнбаев жана Москва, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги эки күркө кожоюндарынын өз ыктыярлары менен алынып салынды. Мындан сырткары Ч.Айтматов проспектиси №6 дарегинин кожоюндары дагы тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган тосмону өз ыктыяры менен алышты», - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы ишкерлерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий